Айыл чарба министрлиги товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштады

Айыл чарба министрлиги товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштады

Айыл чарба министрлиги «КРнан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыкты.

Долбоордо ички азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерге жол бербөө максатында, айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу мөөнөтүн 2023-жылдын аягына чейин киргизүү каралган.

Кардын аз жаашы жана жаздын кеч келиши аба ырайынын өтө ысык болушуна жана жаан-чачындын аз болушуна байланыштуу, жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин үзгүлтүккө учуратты жана тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнө таасирин тийгизди. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алынган ыкчам маалыматтарды талдоодо былтыркыга салыштырмалуу тоют аз болуп, айыл чарба өндүрүшүнө, мындай абал малга кышкы тоютту даярдоо маселесинде терс таасирин тийгизет.

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн тышка ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү менен республиканын ички азык-түлүк рыногунда абал белгилүү бир деңгээлде турукташтырылат жана фермердик чарбалардын ишине оң таасирин тийгизет, ички рынокто чөптүн жана башка тоют өсүмдүктөрүнүн тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алдын алат, бул республиканын азык-түлүк коопсуздугуна да таасирин тийгизет.

Акыркы жылдарда республикада 1 шарттуу малдан орточо эсеп менен 7-8 центнерге жакын тоют бирдиги алынууда, бул зоотехникалык нормалардын 50%ын түзөт, ал эми, тоют бирдиктеринин жетишсиздигин дыйкандар жайыттарды тоюттандыруунун эсебинен толтурууда, б.а. жайыттарды пайдалануу.

2023-жылдын аягына карата тоют өндүрүү божомолу республика боюнча 3.8 млн тоннаны түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"