Жарым жылда Кыргызстан Швейцарияга дээрлик төрт тонна алтын экспорттоду

Жарым жылда Кыргызстан Швейцарияга дээрлик төрт тонна алтын экспорттоду

Январь-июнь айларында Кыргызстандан 302 млн 793.6 миң доллар суммасында 4.8 тонна алтын экспорттолду. Мындай маалыматтар Улутстаткомдун статистикалык бюллетенинде айтылат.

Берилген маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери алты ай ичинде Кыргызстан Швейцарияга 3.97 тонна алтындын басымдуу бөлүгүн жалпысынан 250 млн долларга жакын сатса, Гонконгго 517.8 кг алтынды 31 млн 483 миң долларга саткан. Мындан тышкары Кыргызстан БАЭге 21 млн 268 миң долларга 334.9 кг алтын сатты.

Алсак, июнь айында республика 193.6 млн долларга, ал эми жыл башынан бери 302 млн 793.6 миң долларга алтын сатты. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде акчалай түрдө жеткирүүлөр 609.6 миң долларды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын ККП комитетинин катчысы Линь У менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар транспорттук инфраструктура, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана логистика тармактарында биргелешкен

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, суу Көк-Жар суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Суу өчүрүлө турган аймактар: Темир жол линиясынан – Раззаков, Бөкөнбаев, Панфилов, Фрунзе, Гоголь, Жумабек, Сүйүмбаев, Осмонкулов көчөлөрү

Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Гкерманияда БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Бонн процесси алкагында президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган Кыргызстандын делегациясы глобалдык климаттык сүйлөшүүлөрдө тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча иштерге катышууда.  Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандын демилгеси менен “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог” өткөрүлдү.

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

16-18-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы төмөнкү басымдагы жер астындагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. "Бишкекгаз" кызматынын маалыматына ылайык, газ берүү ЧЧК, КЧК, Коммунаров, Жаз, Алтын-Бешик, Мыскал, Мидин, Насыйкат, Хмельницкий, Новосельская, Аул жана Широкий көчөлөрүндө убактылуу токтотулат. "Бишкекгаз&