Кыргызстанда кыргыз-эмират холдинги ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда кыргыз-эмират холдинги ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда кыргыз-эмират холдингин ачуу пландалууда. Макулдашуу тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх Абдалла бин Заид Аль Нахайян талкуулашкан. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришип, түрдүү тармактарда кызматташуу прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилешти. Ошону менен бирге, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын сактоо максатында, Кулубаев БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заид Аль Нахайяндын Кыргызстанга сапарын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

КР президентинин 2022-жылдын 31-октябрындагы БАЭге сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Соңунда Кулубаев БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх А.Аль Нахайанды Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын коругундагы көчөтканада 6 миңге жакын көчөт өстүрүлүүдө

Нарын коругундагы көчөтканада 6 миңге жакын көчөт өстүрүлүүдө

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда уюшулган өсүмдүк көчөтканасына 2026-жылы апрелде 6 миңге жакын карагай, көк карагай, арча, кайың, терек жана башка дарактардын көчөтү отургузулган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, көчөткананын ишмердүүлүгү менен министр Акыл Токтобаев жеринен таанышты. Иш сапарынын жүрүшүндө министрге көчөткананын базасы толугу менен оңдолуп, керектүү

Тамактануучу жайлар, сауна-мончолор негизги салыктан бошотулат

Тамактануучу жайлар, сауна-мончолор негизги салыктан бошотулат

Жогорку Кеңеш “Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Мыйзам президенттин 11-июнундагы жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, салыктык жүктү азайтууга жана экономиканын айрым тармактарын колдоого багытталган. Ага ылайык: креативдүү индустрия өкүлдөрү 5 жылга негизги салыктардан бошотулат; коомдук тамактануу жайлары

Кыргызстан менен "Бета" компаниясы инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтет

Кыргызстан менен "Бета" компаниясы инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтет

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык Beta брендинин өкүлү, "Бета" компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Бешир Угурду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Адылбек Касымалиев компаниянын Кыргызстанга болгон кызыгуусун жогору баалап, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы