Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11.7 млрд куб метрди түздү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11.7 млрд куб метрди түздү

2023-жылдын 2-октябра Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 759 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 301 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 123 куб метрге жетүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Президент  Садыр Жапаров колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, борбор облустагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын — жашылча-жемиштерди, этти, картошканы жана башка товарларды сактоо, ташуу жана сорттоо үчүн кызмат кылат. Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө алкагында бир катар эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонгон. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын тийиштүү отчетунда маалымдалган. Берилген маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде банктарга карата 1 эскертүү жөнөтүлүп, 1 жазма буйрук берилген. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган учурлар үчүн 1 айыптык

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр стратегиялык унаа жолун реконструкциялоо иштери бекитилген планга ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү. Мындан тышкары, 27,3 чакырым аралыкка жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды. Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана

Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн гипсокартон импорттоого тыюу салынды

Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн гипсокартон импорттоого тыюу салынды

Министрлер кабинети ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн гипстен жасалган плиталарды, панелдерди жана ушуга окшош, орнаментсиз, кагаз же картон менен капталган курулуш материалдарын (ТЭИ ТН коду 6809 11 000 0) импорттоого 6 айлык тыюу салганы МинКабдын документтеринде айтылат. Белгиленгендей, бул чечим ЕАЭБ тууралуу келишимге жана Министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык кабыл алынган.