Сентябрдын планын Бажы кызматы 11.4% ашык аткарды

Сентябрдын планын Бажы кызматы 11.4% ашык аткарды

2023-жылдын сентябрь айында Бажы кызматы 10.7 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 11.4%га аткарылды же 1.1 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу түшүүлөр 2.6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 32.5%ды түздү.

2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 73.4 млрд сом өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылдын 9 айында бажы кызматы 79.4 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 8.2%га аткарылды же 6 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу түшүүлөр 26.6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 50.2%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Кербенде 540 батирлүү ипотекалык турак жай курула баштады

Кербенде 540 батирлүү ипотекалык турак жай курула баштады

Жалал-Абаддын Кербен шаарында ипотекалык "Хан-Теңири-7" турак жай комплексинин курулушуна расмий түрдө башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланып, долбоор президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев көзөмөлүндө ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында 18 блоктон турган алты кабаттуу турак

Саламаттыкты сактоо министрлигине 9 тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттыкты сактоо министрлигине 9 тез жардам унаасы тапшырылды

Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине 9  медициналык жардам унаасын өткөрүп берди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, унааларды тапшыруу аземине министр Дамир Осмонов жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов катышты. Саламаттыкты сактоо министри көрсөтүлгөн колдоо үчүн ӨКМдин жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылык билдирип, жаңы унаалар

Таластагы өткөрмө пункттарында жемкорлукка каршы чаралар көрүлдү

Таластагы өткөрмө пункттарында жемкорлукка каршы чаралар көрүлдү

Талас облусундагы “Чоң-Капка” жана “Кызыл-Адыр” транспорттук көзөмөл пункттарында жемкорлуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү багытында жаңы шарттар түзүлдү. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, негизги максат — салмак-габариттик текшерүү учурунда тескөөчүлөр менен айдоочулардын түз байланышын азайтуу аркылуу ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жемкорлук тобокелдиктерин жоюу. Маалыматта белгиленгендей,

Караколдо мейманкананын курулушу боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Караколдо мейманкананын курулушу боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Каракол шаарынын Масалиев көчөсү 122 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу мейманкананын курулушунда мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан объектилерге туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Кезектеги