Караколдо мейманкананын курулушу боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Караколдо мейманкананын курулушу боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Каракол шаарынын Масалиев көчөсү 122 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу мейманкананын курулушунда мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан объектилерге туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Кезектеги текшерүүдө “Мега Прим” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Учурда аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Белгиленгендей, мейманкананын курулуш иштери бекитилген долбоордук документтерден четтөө менен жүргүзүлүп жаткан. Бул шаар куруу мыйзамдарынын жана бекитилген долбоордук чечимдердин талаптарына ылайык келбейт.

Департамент бардык курулуш компанияларын курулуш мыйзам-ченемдерин жана техникалык талаптарды так сактоого чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү