«Джунда» заводун кайра иштетүү боюнча практикалык иш-чаралар башталды

«Джунда» заводун кайра иштетүү боюнча практикалык иш-чаралар башталды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Балта шаарындагы «Джунда» мунай иштетүүчү заводуна барып, анын алкагында Кытайдан заводду калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген жумушчу топтун эксперттери менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Төрөбаев белгилегендей, анын жакында эле Кытайдын Шэньси провинциясына болгон жумуш сапарынын алкагында «Джунда» заводун ишке киргизүүгө багытталган иштерди жандандыруу боюнча макулдашуу жетишилген.

«Биз заводдун тезирээк ишке киришине кызыкдарбыз, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кыргыз тараптан бардык чаралар көрүлөт», – деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде жумушчу топтун жетекчиси Чжан Лиган кытай тарап заводдун ишин жандандыруу боюнча далилдүү чараларды көрөөрүн, ошондой эле акырындык менен модернизациялоону баштаарын айтып, Кыргызстанга кесипкөй техникалык эксперттердин тобу келээрин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Жетим-Тоону иштетиш үчүн 9 млрд доллар талап кылынат

Жетим-Тоону иштетиш үчүн 9 млрд доллар талап кылынат

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургундары менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаров мамлекет Жетим-Тоо темир кенин өз күчү менен иштетүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Президент мамлекет Жетим-Тоону Кумтөр сыяктуу эле 100% өз алдынча иштетүүнү пландап жатканын белгиледи. Бирок бул долбоор абдан чоң каржылык салымдарды талап кылат. “Ал жерде сөзсүз

Нарында мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жайкы мектеп ачылды

Нарында мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жайкы мектеп ачылды

24-июнда Нарын шаарында “Мөңгүлөрдү изилдөө, сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” аттуу эл аралык жайкы мектептин расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Иш-чара Кыргызстандын тоо күн тартибин илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана мөңгүлөрдү сактоо багытындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү максатында уюштурулду. Окуу программасы 7-июлга чейин уланат.

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой