Нарында мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жайкы мектеп ачылды

Нарында мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жайкы мектеп ачылды

24-июнда Нарын шаарында “Мөңгүлөрдү изилдөө, сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” аттуу эл аралык жайкы мектептин расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Иш-чара Кыргызстандын тоо күн тартибин илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана мөңгүлөрдү сактоо багытындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү максатында уюштурулду. Окуу программасы 7-июлга чейин уланат.

Жайкы мектеп Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Борбордук Азия университети, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму жана башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Программа мөңгүлөрдү сактоо, климаттык коопсуздук жана тоо экосистемаларын туруктуу өнүктүрүү боюнча билим жана тажрыйба алмашууга багытталган. Анын алкагында лекциялар, практикалык сабактар жана талаа изилдөөлөрү камтылган.

Жайкы мектеп ишине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышууда. Лекторлор катары Бельгия, Италия, Швейцария, Норвегия, Германия, Австрия, Кыргызстан, Казакстан, Индиянын жана башка өлкөлөрдүн алдынкы адистери менен окумуштуулары чыгышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн