Министр Данияр Амангелдиев ПРООНдун жаңы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту

Министр Данияр Амангелдиев ПРООНдун жаңы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту

2023-жылдын 5-октябрында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы жаңы туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, административдик-аймактык реформага көмөктөшүү жана аймактардын экономикалык потенциалын өнүктүрүү, “жашыл экономиканы” илгерилетүү жаатында кызматташуунун, чакан жана орто бизнести, өзгөчө “аялдардын ишкердигин” колдоо маселелери жана өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн келечегин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты тереңдетүүнүн мындан аркы багыттарын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто ичүүчү суу убактылуу токтотулду

Ошто ичүүчү суу убактылуу токтотулду

Папан суу сактагычынын ылайланышына байланыштуу Ош шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу токтотулду. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Ош шаарына үзгүлтүксүз таза суу берүү максатында курулган резервуарлар иштеп жатат. Бирок андагы суунун запасы 2 күнгө гана жетет.  Суунун үзгүлтүккө учуроосуна Папан суу сактагычынынын булганышы себеп болууда. Анткени кампаларга ушул жактан гана

Ысык-Көлдө 63 жыл мурун курулган мектеп-интернат жаңыланууда

Ысык-Көлдө 63 жыл мурун курулган мектеп-интернат жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусундагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернатта жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган билим берүү мекемеси ушул убакка чейин толук оңдоп-түзөлгөн эмес. Учурда имараттын

Түндүк – Түштүк жолу сел агындыларынан тазаланды

Түндүк – Түштүк жолу сел агындыларынан тазаланды

21-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк –Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361–370-чакырым аралыгына сел түшкөн. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, жеринде атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү. Натыйжада жол 22-июнда, таңкы саат 05:00дө тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды. Учурда жолду кеңейтүү боюнча

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарын аймагында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Кара-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 45 чакырым түштүк-батышта жана Нарын шаарынан 86 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 2,5 баллга