Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Нарын аймагында күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Кара-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 45 чакырым түштүк-батышта жана Нарын шаарынан 86 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Эске салсак, 19-июнда өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын очогу Кытайдын аймагында, тагыраагы, Нарын шаарынан 185 чакырым чыгыш тарапта жайгашканы маалымдалган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өтө турган инвестициялык бизнес-форумга даярдык талкууланды

Бишкекте өтө турган инвестициялык бизнес-форумга даярдык талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен эксперттик видеоконференция өткөрүп, Бишкекте өтө турган Инвестициялык бизнес-форумга даярдык маселелерин талкуулады. Маалыматка ылайык, жолугушуу 24–25-июнда Бишкекте өтө турган ШКУнун Инвестициялык бизнес-форумуна даярдык көрүү алкагында уюштурулган. Анын жүрүшүндө расмий жана бизнес-делегациялардын катышуусу, катышуучулардын курамын түзүү,

Ысык-Көлдө топурактын сапатын аныктоочу лаборатория ачылды

Ысык-Көлдө топурактын сапатын аныктоочу лаборатория ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда топурактын сапатын аныктоочу агрохимиялык лаборатория ачылды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, аталган лаборатория дыйкан-фермерлерге топурактын абалын илимий негизде аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Лабораторияда топурактын курамындагы негизги азык элементтери, органикалык

Ошто ичүүчү суу убактылуу токтотулду

Ошто ичүүчү суу убактылуу токтотулду

Папан суу сактагычынын ылайланышына байланыштуу Ош шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу токтотулду. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Ош шаарына үзгүлтүксүз таза суу берүү максатында курулган резервуарлар иштеп жатат. Бирок андагы суунун запасы 2 күнгө гана жетет.  Суунун үзгүлтүккө учуроосуна Папан суу сактагычынынын булганышы себеп болууда. Анткени кампаларга ушул жактан гана

Ысык-Көлдө 63 жыл мурун курулган мектеп-интернат жаңыланууда

Ысык-Көлдө 63 жыл мурун курулган мектеп-интернат жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусундагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернатта жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган билим берүү мекемеси ушул убакка чейин толук оңдоп-түзөлгөн эмес. Учурда имараттын