Ысык-Көлдө 63 жыл мурун курулган мектеп-интернат жаңыланууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусундагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернатта жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган билим берүү мекемеси ушул убакка чейин толук оңдоп-түзөлгөн эмес.
Учурда имараттын ички жана сырткы бөлүктөрүн жаңыланып, инженердик тармактарды жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, окуу класстары, компьютердик кабинет жана жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык жаңыланары белгиленди.
Белгиленгендей, оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин мектеп-интернатта окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аймактагы билим берүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.





