Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк 2023-жылдын 30-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 31-октябрынан тартып күчүнө кирет.

КРУБнун маалыматына ылайык, КРнын экономикасы ачык болгондуктан, бүтүндөй дүйнөлүк экономика сыяктуу сырткы чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр да, региондогу өзгөрүүлөр да өлкөдөгү баа динамикасына өз таасирин тийгизип жатат. Дүйнөлүк экономиканын экономикалык өсүшү бир калыпта болбой, калыбына келүү процесси жай жүрүп жатат.

Дүйнөлүк инфляциянын динамикасы жогорку мааниде сакталып тургандыгына байланыштуу алдыңкы өлкөлөрдүн борбордук банктары акча-кредит саясатын катуулатуу багытына бет алууда. Аны менен катар, дүйнөдө болуп жаткан геосаясий кырдаал тышкы шарттардын бир калыпта сакталбагандыгынын, анын жыйынтыгы катары дүйнөлүк инфляциянын андан аркы траекториясынын белгисиз болушунун олуттуу факторунан болууда.

Кыргызстанда экономикалык иш көбүнэсе кызмат көрсөтүүнү керектөө активдүү болуп жаткандыктан кеңейип жатат. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында ИДӨнүн реалдуу өсүшү 4.2% (“Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда – 5.9%) түздү. Туруктуу ички суроо-талап бюджет-салык саясатынын чаралары жана банк секторунда керектөө кредиттеринин өсүшү менен колдоого алынып турган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкетеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкетеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”