Чуй облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 97.6 млн сом жумшалды

Чуй облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 97.6 млн сом жумшалды

Чуй облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата  дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 97.6 млн сом суммасында 52 долбоор каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Алар:

·         25 мектепке – 48.1 млн сом;

·         2 саламаттыкты сактоо мекемелерине – 3 млн сом;

·         8 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектине – 16.9 млн сом;

·         2 спорттук курулушка – 2.4 млн сом;

·         10 маданий маанидеги объектиге – 19.2 млн сом;

·         5 бала бакчага – 8 млн сом.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда электрондук соода жүргүзүү былтыр 15%га өскөн

Кыргызстанда электрондук соода жүргүзүү былтыр 15%га өскөн

Кыргызстанда интернет аркылуу электрондук соода жүргүзүү 2025-жыл 15%га өсүп, 525 млн долларды түздү. Бул тууралуу 21-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Акматов билдирди. Анын сөзүнө караганда, бул Wildberries жана Temu платформаларынан тышкары жүргүзүлгөн чекене сооданын үлүшү.

Бишкектеги Ч.Айтматов үй-музейи  жаңыланат

Бишкектеги Ч.Айтматов үй-музейи жаңыланат

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи жаңыланарын Ленин муниципалдык администрациясы билдирди. Буга байланыштуу көчмө жыйын өтүп, анын жүрүшүндө үй-музейдин имаратын калыбына келтирүү, айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, заманбап сугаруу системасын орнотуу жана тышкы жарыктандырууну жаңылоо маселелери талкууланды. Ошондой эле аймактагы инфраструктураны жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштар

Саламаттыкты сактоо министрлиги маяна тууралуу  түшүндүрмө берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги маяна тууралуу түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарда медицина кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча дүмүрчөктүн сүрөтү тарап, кызуу талкууга алынган. Бул маалыматка карата Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, тарап жаткан дүмүчөктөгү эсептелген эмгек акы март айына тийиштүү. Президенттин жарлыгына ылайык, медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта көбөйтүлдү. Март айында эмгек акы мурдагы эсеп менен берилген,

Билим берүү эми жеткиликтүүрөөк: DemirBank 0% билим берүү насыясын ишке киргизди

Билим берүү эми жеткиликтүүрөөк: DemirBank 0% билим берүү насыясын ишке киргизди

Эми билим алууну каржылоо мурдагыдан да жеңил. DemirBank 0% билим берүү насыясын сунуштайт — комиссиясыз жана жашыруун төлөмдөрсүз. Ата-энелер насыяны түз эле мобилдик тиркеме аркылуу тариздеп, окуу акысын дароо төлөй алышат. Каражаттар автоматтык түрдө окуу жайдын эсебине которулат. Бул чечим окууну кийинкиге калтырбай, келечекке бүгүнтөн баштап инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берет. Негизги