Кыргызстанда күздүк айдоо астындагы ным топтоо сугат иштери аяктады

Кыргызстанда күздүк айдоо астындагы ным топтоо сугат иштери аяктады

Кыргызстан боюнча учурда Баткен облусунан тышкары күздүк айдоо астындагы жана күзгү-кышкы ным топтоо сугат иштери аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

2023-жылдын 1-декабрына карата жалпы суу булактарынан суу алуу план боюнча 8.3 млрд м3, ал эми иш жүзүндө 8 млрд м3 же болбосо 97% аткарылган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 171.6 млн.м3 көп.

Баткен облусу боюнча сугатка суу берүү планда 601,1 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 609,3 млн.м3, план 101 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 430,8 миң га болсо, иш жүзүндө 415,8 миң га, же болбосо 97 % аткарылган.

Ош облусу боюнча сугатка суу берүү планда 1074,2 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 999,4 млн.м3, план 93 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 692,3 миң га болсо, иш жүзүндө 647,2 миң га, же болбосо 93% аткарылган.

Жалал-Абад облусу боюнча сугатка суу берүү планда 906,3 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 913,9 млн.м3, план 101 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 549,6 миң га болсо, иш жүзүндө 554,5 миң га, же болбосо 101 % аткарылган.

Ысык-Көл облусу боюнча сугатка суу берүү планда 520,2 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 502,0 млн.м3, план 97 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 355,5 миң га болсо, иш жүзүндө 336,4 миң га, же болбосо 95 % аткарылган.

Нарын облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 594,5 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 565,7 млн.м3, план 95 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 303,6 миң га болсо, иш жүзүндө 251,3 миң га, же болбосо 83 % аткарылган.

Чүй облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 1645,0 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 1391,2 млн.м3, план 85 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 1170,7 миң га болсо, иш жүзүндө 994,5 миң га, же болбосо 85 % аткарылган.

Талас облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 733,5 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 674,8 млн.м3, план 92 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 370,4 миң га болсо, иш жүзүндө 324,5 миң га, же болбосо 88 % аткарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media