Үч жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлер 4 эсеге көбөйдү – Салык кызматы

Үч жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлер 4 эсеге көбөйдү – Салык кызматы

Бүгүнкү күндө өлкөдө 75 миң 695 контролдук-кассалык машина ийгиликтүү колдонулууда. Бул сан 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча ККМди киргизүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө.

ККМдин 33 моделин камтыган реестр түзүлүп, 26 техникалык тейлөө борборлору менен өз ара аракеттенүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

Бул чаралардын алкагында ККМге болгон базар бааларын төмөндөтүү жана ишкерлерге бөлүп төлөө аркылуу ККМди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Кудук айыл өкмөтүнө 68 миң сом айып пул салынды

Ак-Кудук айыл өкмөтүнө 68 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүндө мыйзамсыз таштанды талаасы аныкталып, 68 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жооптуу тарапка аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү баракчасы тапшырылып, тиешелүү талаптарды белгиленген мөөнөттө аткаруу милдеттендирилди.

Президент дипломаттарга жана авиаторлорго сыйлык тапшырды

Президент дипломаттарга жана авиаторлорго сыйлык тапшырды

Президент Садыр Жапаров 22-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө олуттуу салым кошкон дипломаттарды жана авиаторлорду сыйлады. Президент иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан өзүнүн эгемендик тарыхындагы

40 көйгөйлүү турак жайдын ээлерине шайкештик актылары тапшырылды

40 көйгөйлүү турак жайдын ээлерине шайкештик актылары тапшырылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Бишкектеги 38 көп кабаттуу турак жайдын жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 2 көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына шайкештик актыларын тапшырды. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер президент Садыр Жапаров берген тапшырманын негизинде жүргүзүлүүдө. Жолугушууда Болот Чолпонбаев бул

Жалал-Абад облусунда жолдор сел калдыктарынан тазаланды

Жалал-Абад облусунда жолдор сел калдыктарынан тазаланды

22-июнда Жол тейлөө ишканалары тарабынан селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана унаа жолдорун калыбына келтирүү иштери өз убагында аткарылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Ленин – Жол – Казар – Мазар – Сере унаа жолунун 10–10,3-чакырымдарында селден кийин жол тазаланып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Маданият – Майлуу-Суу унаа жолунун