Ак-Кудук айыл өкмөтүнө 68 миң сом айып пул салынды

Ак-Кудук айыл өкмөтүнө 68 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүндө мыйзамсыз таштанды талаасы аныкталып, 68 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жооптуу тарапка аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү баракчасы тапшырылып, тиешелүү талаптарды белгиленген мөөнөттө аткаруу милдеттендирилди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо боюнча көзөмөл иштери мындан ары да улантыларын билдирди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Аламүдүн районунун Виноградное айылында таштандыларды белгиленбеген жерге төккөн тарап жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлиери менен биргеликте тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге төккөн КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ээсинин өздүгү аныкталды. Аталган жаранга "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке

Ишкер Media
Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

16–19-октябрь күндөрү Румынияда "Stelele Informaticii 2026" эл аралык информатика олимпиадасы өттү. Мелдешке 23 өлкөдөн 200дөн ашуун окуучу катышты. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, аталган сынакка Кыргызстандын атынан 8 окуучу онлайн форматта, видеокөзөмөл астында катышты. Алардын ичинен 4 окуучу байгелүү орунга ээ болсо, бир окуучу Ардак грамотага татыды.

Ишкер Media
Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады. Бул тууралуу 22-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Билдирүүгө караганда, КРнын президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев бүгүн стадиондун курулушунан кабар алды. Токсонбаев анда курулушутун сапатын дыкат көзөмөлдөө жана өз убагында бүткөрүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ишкер Media
ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

Ички иштер министрлиги жарандарды интернеттеги аккаунттарын жана жеке маалыматтарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт. Маалыматка караганда, бул ыкма аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылат. Натыйжада сыр сөз башка адамдардын колуна

Ишкер Media