Ноокат алмасы Кытайга экспорттолот

Ноокат алмасы Кытайга экспорттолот

2024-жылдын 8-февралында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ноокат районунун «Ноокат алмасы» айыл чарба багбанчылык кооперативинин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Учурда айыл чарба багбанчылык кооперативинде 15 га  жерге интенсивдүү алма багы, 4 га гилас багы, 4 га жер аянтында жаңгак бактары бар. Андагы гала шнига, ред кап, ред джона принц, айдаред, гольден делишес көчөттөрүнүн сорттору Польша жана Турция мамлекеттеринен алынып келинген жана Израиль мамлекетинен алынып келинген заманбап тамчылатып сугаруу системасы аркылуу сугарылат. Ишканада сезондук мезгилде 70ке жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болушат.

Бүгүнкү күндө сыйымдуулугу 1 200 тоннага ылайыкташтырылган логистикалык борбордун  курулуш иштери аяктоо алдында турат. Мындан тышкары сыйымдуулугу 350 тоннага ылайык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч курулуп, таңгактоочу линия, сорттоо жана жуугуч цехи бар.

Көчмө жыйындын соңунда «Ноокат-Алмасы» кооперативинин базасындагы атайын окуу борборунда  республиканын бардык аймактарындагы дыйкан, фермерлер үчүн семинарларды уюштуруу чечими кабыл алынды.

Бул семинарларда бак үчүн жер кыртышын даярдоо, алманын сортун тандоо, тамчылатып сугаруунун өзгөчөлүгү, интенсивдүү алма багын кесүү (обрезка), зыянкечтер менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары боюнча  практикалык жактан тажрыйба алмашуу болот.

Ошондой эле "Ноокат алмасы" деген бренд менен жергиликтүү алмаларды Кытайга экспорттоо боюнча келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтүү, атайын алма фестивалдарын уюштуруу тапшырмасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө берилди.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.