2023-жылы Кумтөрдүн таза кирешеси 302.4 млн долларды түздү

2023-жылы Кумтөрдүн таза кирешеси 302.4 млн долларды түздү

«Кумтөр Голд Компани» 2023-жылы өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн жалпы кирешеси пландагы 734.2 млн доллардын ордуна 849 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу ишкана билдирди.

2023-жылы 13 тонна 577 кг алтын реализацияланды. Өндүрүштү модернизациялоо жана чыгымдарды кыскартуунун натыйжасында, ишкананын жыл ичиндеги таза кирешеси пландагы 194 млн доллардын ордуна 302.4 млн долларды түздү. Республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 млрд 241 млн 71 миң сом которулду.

«Кумтөр Голд Компанинин» капиталдык салымдарынын өлчөмү 2022-жылы 186.1 млн доллар болсо, 2023-жылы 111.5 млн долларды түздү.

Өткөн жылы Кумтөр кен жайындагы Алтын ылгоочу фабрикага заманбап эки тик тегирмен жана кошумча эритүүчү жаңы чандар орнотулду. Муну менен жылына 7 миңден 12 миң унцияга чейин кошумча алтын өндүрүүгө шарт түзүлдү.

Ошондой эле 2023-жылы Кумтөр кен жайына 93 даана ар кандай атайын техникалар сатылып алынган. Былтыр Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу тесттик режимде ишке киргизилип, 17 тоннадан ашык алтындын запасы бар Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жумуштары башталды.

Иш процессин оптималдаштыруу жана жабдууларды жаңылоо аркылуу өткөн жылы тоо-кен иштерин жүргүзүүдө 30 млн доллардан ашык каражат үнөмдөлгөн.

Мындан сырткары, 2023-жылы «Кумтөр Голд Компани» тарабынан «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү» фондуна 8 млн 389 миң АКШ доллары, Нарын облусун өнүктүрүү боюнча «Теңир-Тоо» фондуна 5 млн 33 миң АКШ доллары, Аймактарды өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фондуна 1 млн 597 миң АКШ доллары, Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 млн 542 миң АКШ доллары которулган.

Мындан тышкары окуңуз

Д.Бекешев мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу системасын өзгөртүүнү сунуштады

Д.Бекешев мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу системасын өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда күтүүсүздүк эффектиси болушу керектигин Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. "Азыр сыйлык алуучу өзү чуркап, документтерди чогултуп, жамааттын колун топтоп жүрөт. Негизи тескерисинче болушу керек эле. Сыйлык ыйгаруучу орган өзү

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Октябрь районунда, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында  Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде  бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект демонтаждалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маселе ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган. Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Мамлекеттик мектептерди куруу (2-фаза)” долбоорунун алкагында Эр-Рияд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 18-февралда өткөн жолугушууга Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Королдугундагы Элчиси Улугбек Марипов, Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Аль Маршад, ошондой эле министр баштаган делегация катышты. Жолугушуунун

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин төрт балалуу келинге алимент өндүрүлүп берилгенин Акыйкатчы институтунан билдиришти. Январь айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну алимент өндүрүүгө жардам сурап кайрылган. Анда ал жолдошу менен үч жыл мурда ажырашканда Кадамжай райондук соту алимент төлөөгө милдеттендиргенин айткан. Алимент ай сайын ар бир балага 3 148