«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 15.9 млрд сомдон ашык төктү

«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 15.9 млрд сомдон ашык төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын январь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 15 млрд 947.7 млн сом салык төлөсө, анын 11 млрд 396.6 млн сомдон ашыгы алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 1.1 млрд сом төлөгөн, анын ичинде:

• Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 578.8 млн сом;

• Талас районунун өнүктүрүү фонду (30%) – 347.3 млн сом;

• Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) – 231.5 млн сом.

Декабрь айына карата компанияда 751 кызматкер иштейт. Алардын ичинен 526 кызматкер – Талас  облусунун тургундары, 219 – Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм

Кербенде 540 батирлүү ипотекалык турак жай курула баштады

Кербенде 540 батирлүү ипотекалык турак жай курула баштады

Жалал-Абаддын Кербен шаарында ипотекалык "Хан-Теңири-7" турак жай комплексинин курулушуна расмий түрдө башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланып, долбоор президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев көзөмөлүндө ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында 18 блоктон турган алты кабаттуу турак