Баткен облусуна республикалык бюджеттен 108.5 млн сом каржыланды
Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 104.3 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен:
· теңдөөчү трансферт – 56.4 млн сом;
· айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 30 млн сом;
· электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17.9 млн сом;
Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 3.2 млн сом бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, 2024-жылдын 5-февралында №34-р Тескемесине ылайык 1 млн сом каржыланды.