Агрардык тармакта кошумча тышкы каржылоого муктаждык 137 млрд сомду түзүүдө – Бакыт Төрөбаев

Агрардык тармакта кошумча тышкы каржылоого муктаждык 137 млрд сомду түзүүдө – Бакыт Төрөбаев

2024-жылдын 2-апрелинде Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министирлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте уюштурган туруктуу агрардык өнөр жай секторун түзүүгө арналган АГРОФОРУМ-2024 өттү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Форумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, ошондой эле бир катар башка жогорку даражалуу расмий өкүлдөр, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, өкмөттүн өкүлдөрү, донордук коомчулук жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Агрофорумда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министири Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү  агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечеги, милдеттери, мүмкүнчүлүктөрү жана стратегиясы тууралуу доклад жасады.

Өз сөзүндө Төрөбаев негизги максат мамлекеттин жана элдин жашоо-турмушунун негизи болгон азык-түлүк коопсуздугун,  фермерлердин жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөрдүн кирешелеринин туруктуу өсүшүн камсыз кылуу экенин белгиледи.

Ошондой эле, климаттын өзгөрүшүнө дагы токтолуп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн вегетация мезгилинде жаан-чачындын жана сугат суунун жетишсиздиги, жерлердин деградациясы жана башка терс факторлор тууралуу айтып, ирригациянын 70 пайызга эскириши модернизациялоону талап кылган көйгөй экенин билдирди.

Бул көйгөйлөрдү чечүү багтында заманбап суу сактагычтарды курууга инвестицияларды тартуу, каналдарды, айылдарда ички чарбалык ирригация системасын модернизациялоо жана механикалаштырылган жана тамчылатып сугаруунун жаңы технологияларын киргизүү үчүн 80 млрд сом суммасында каржылоо жана техникалык жардам зарыл экенин кошумчалады.

Мындан сырткры, бүгүнкү күндө сууну, иштетилбеген жерлер менен эркин эмгек ресурстарын натыйжалуу жана сапаттуу пайдалануунун алгачкы кадамдары жасалып, мамлекет тарабынан көп жылдык мөмө-жемиш көчөттөрүн отургузуу максатында инвесторлорду тартуу үчүн мамлекет 614 миң гектар асылдуулугу төмөн жерлер өздөштүрүүгө бөлүнүп берилип жатканын айтты.

Учурда тышкы каржылоого муктаждык 137 млрд. сомго барабар. Республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгү 18 млрд сомдун тегерегин түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.