«Кыргызстан – Кытай (СУАР)» бизнес-форумунун алкагында 1 млрд доллардан ашуун документтерге кол коюлду

«Кыргызстан – Кытай (СУАР)» бизнес-форумунун алкагында 1 млрд доллардан ашуун документтерге кол коюлду

Кыргызстандын жана Кытайдын ишкерлеринин «Кыргызстан – Кытай (СУАР)» бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Ишкерлердин форумуна суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз катышты.

Форумга Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр кытайлык 50дөн ашуун ири компания катышты. Ошондой эле, айыл чарба, медицина, билим берүү, санариптик өнүктүрүү, өнөр жай, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барган 50гө жакын жергиликтүү компаниялар болду.

Ишкерлер форумдун жүрүшүндө, өз тармактары боюнча презентацияларды көрсөтүп, аны менен бирге далилдүү сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты. 

«Кыргызстан – Кытай (СУАР)» бизнес-форумунун жыйынтыгында энергетика жана тоо-кен тармактарында 1 млрд 151 млн доллар суммасындагы 7 документке кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэни кабыл алды

Садыр Жапаров Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэни кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 27-майда, Кытай Эл Республикасынын 14-чакырылыштагы Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин Төрайымы Шэнь Юэюэни кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүү,

Бишкектеги айт намазга 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкектеги айт намазга 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкек шаарындагы. Т.Усубалиев атындагы эски аянтта өткөн айт намазга 30 миңден ашуун адам катышты. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына карганда, борбор калаада өткөн айт намазы тынч маанайда өттү. Коомдук тартипти сактоого 3000ден ашуун милиция кызматкери тартылды. Эске салсак, буга чейин айт намаздары мечиттерде окулуп, борбордук аянттарда окулбай келген.

MCN Coin иши боюнча айыпталган Юруслан Тойчубеков акталды

MCN Coin иши боюнча айыпталган Юруслан Тойчубеков акталды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековду актады. Бул тууралуу саясатчы Феликс Кулов социалдык баракчасына жазды. "Жаңы эле жакшы кабар алдым: Бишкектин Биринчи Май райондук соту Юруслан Тойчубековду толук актады. Мен анын күнөөсүз экендигинен эч качан шек санаган эмесмин. Бирок, бул жеңиш анын

“Кумтөр Оперейтинг Компанинин” 100% акциясы  “Кумтөр Голд Компаниге” өткөрүлдү

“Кумтөр Оперейтинг Компанинин” 100% акциясы  “Кумтөр Голд Компаниге” өткөрүлдү

“Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКтын 100 пайыз акциясы “Кумтөр Голд Компаниге” өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган компаниядан билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү чечим учурда Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” маселелери боюнча “Кумтөр Голд Компаниге” ыкчам чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында кабыл алынды.