MCN Coin иши боюнча айыпталган Юруслан Тойчубеков акталды

MCN Coin иши боюнча айыпталган Юруслан Тойчубеков акталды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековду актады. Бул тууралуу саясатчы Феликс Кулов социалдык баракчасына жазды.

"Жаңы эле жакшы кабар алдым: Бишкектин Биринчи Май райондук соту Юруслан Тойчубековду толук актады. Мен анын күнөөсүз экендигинен эч качан шек санаган эмесмин. Бирок, бул жеңиш анын ден соолугуна зыян келтирди. Акыйкатта, ал сынган жок, чыныгы күрөшчүл экен, баарына чыдады. Ал дагы деле өз элине кызмат кылат деп ишенем”, - деп жазган Ф.Кулов. 

Эске сала кетсек, Юруслан Тойчубеков MCN Coin иши боюнча айыпталган. Буга чейин 2025-жылдын июнь айында Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жака кетпөө тил каты менен бошоткон. Ал 2025-жылдын февраль айында камакка алынган. 


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды