Бишкектеги айт намазга 30 миңден ашуун адам катышты
Бишкек шаарындагы. Т.Усубалиев атындагы эски аянтта өткөн айт намазга 30 миңден ашуун адам катышты.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына карганда, борбор калаада өткөн айт намазы тынч маанайда өттү.
Коомдук тартипти сактоого 3000ден ашуун милиция кызматкери тартылды.
Эске салсак, буга чейин айт намаздары мечиттерде окулуп, борбордук аянттарда окулбай келген.