Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти.

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевдин айтымында, ишкана жылына 12 млн сомго жакын киреше табат. Бул борборго таштандыларды андан ары сорттоо үчүн жеткирүү боюнча облустун башка ишканалары менен келишимдер түзүлөт.

 «Биз таштандыларды жеткирүү боюнча «Альянс Алтын» компаниясы менен буга чейин келишим түзгөнбүз. Биз пластмасса менен кагазды бөлүп, калдыктарды пресске салып сатабыз. 2025-жылы фильтр бар мештерди орнотууну пландап жатабыз», - деди район башчысы.

Аткаминерлер белгилегендей, долбоорду «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы жана «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынууда.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш эрежелерин бузган компаниялардын иши токтотулду

Курулуш эрежелерин бузган компаниялардын иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматында, көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Даймонд Резорт” комплексинин коттедждери жана апарт-отелдери курулуп жаткан объектте бир

Кеминде уруксатсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Кеминде уруксатсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы “Комбикорм заводунун” объектисинде мыйзам бузуу фактысын аныктады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиргендей, объектте курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталгандыгы жана мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбаганы белгилүү болду. Бул аракеттер “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны 36га чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу шаардык кеңештин 24-июндагы жыйынында “Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын директору Кубат Курамаев билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө муниципалдык көрүстөндөрдүн саны 21ге көбөйгөн. Учурда айрым аймактарда документтештирүү иштери уланууда. Жыйынтыгында борбор калаадагы көрүстөндөрдүн жалпы саны 36га жетиши

Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

26-июндан тартып Бишкектеги М.Иманалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди. Маалыматка ылайык, жолду оңдоп-түзөө жана жакшыртуу иштеринин биринчи этабына байланыштуу унаалардын кыймылы убактылуу чектелет. Мындан тышкары, оңдоп-түзөө иштеринин экинчи этабынын алкагында М.Иманалиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-