Минкаб төрагасы «Альянс Алтын» ишканасына барды

Минкаб төрагасы «Альянс Алтын» ишканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жерүй алтын кениндеги «Альянс Алтын» ишканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Минкаб төрагасы алтын ылгоочу фабриканы карап чыгып, анда өндүрүш процесси, колдонулган технологиялар, экологиялык нормалардын сакталышы, иштетүүнүн жүрүшү, казып алуунун көлөмү тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле ал калдыктарды сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу менен таанышты.

Белгиленгендей, 2015-жылдан 2025-жылдын апрелине чейин компания бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго 28,4 млрд сом, анын ичинде алтын сатуудан 21,5 млрд сом салык которгон. 2016-2025-жылдар аралыгында аймактын жашоочуларына, мекеме-уюмдарына түз социалдык жардам 317,8 млн сомду түздү. Каражат медицина, билим берүү, спорт жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды.

Ишкана жылына 5 тоннага чейин алтын өндүргөн долбоордук кубаттуулукка чыкты. 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын апрелине чейин Жерүйдө 6,9 млн тонна руда казылып алынып, 17,6 тонна “Доре” уютмасы өндүрүлүп, анын ичинен 17,3 тоннадан ашыгы сатылып бүттү.

Ишканада подряддык уюмдарды эсепке алуу менен 1,5 миң адам иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Көп берилүүчү суроого жооп: Ипотекага турак жай алуу

Көп берилүүчү суроого жооп: Ипотекага турак жай алуу

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга ипотекага турак жай берүүнүн төмөнкү шарттарды эске алууну сунуштайт.  Программанын катышуучулары үчүн талаптар  - программага катышуунун жаш курагы 18 жаштан жогору; - жалпы эмгек стажы 2 жылдан кем эмес; - катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын КРнын аймагында турак жайынын жоктугу; - Программага

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европа мамлекеттерине экспорттоло баштады

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европа мамлекеттерине экспорттоло баштады

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европа мамлекеттерине да экспорттоло баштады, - деп бидирет Айыл чарба министрлигинен. Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында мөмө-жемиш өстүрүүгө ылайыктуу шарттар бар. Баткен жана Ысык-Көл облустары салттуу багбанчылык лидерлери катары эсептелет. Чүй облусу кулпунай жана малинаны, Ысык-Көл облусу кара жана кызыл карагатты өндүрүүдө алдыңкы орунда турат. Акыркы жылдары Нарын облусунда

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 4 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 4 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрына карата республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жалпы 4 081,22 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Аны 6 487 субъект колдонгон. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Тармактар боюнча бөлүштүрүү мындай: Мал чарбачылык: 3 381,37 млн сом, 5 443 субъект Өсүмдүк өстүрүүчүлүк: 441,02 млн сом, 898 субъект

Оштун Чапаев айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Оштун Чапаев айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чапаев айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүзөгө ашырылууда. Объекттин тендердик баасы – 239 миллион сом. Жаңы мектеп башкы планга ылайык 2479,8 чарчы метр аянтты камтыйт жана