“Бишкек” ЭЭА эки жылда бюджетке 7,2 млрд сом которгон
“Бишкек” эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) акыркы эки жылдын ичинде бюджетке 7 млрд 248 млн сом которду. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Жолдошбек Ниязбеков Биринчи радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ишканада 270 субьект бар жана 4 миңден ашык адам эмгектенет. Бул ишканалар тамак-аш продукцияларын, курулуш материалдарын, дары-дармек жана турмуш-тиричиликке керектүү башка товарларды өндүрүп, жергиликтүү жана импорттук рынокторго чыгарышат.
Жолдошбек Ниязбеков белгилегендей, 30 жыл ичинде ЭЭАда өндүрүштүк жүгүртүүнүн бир айлык көрсөткүчү 1 млрд сомдон ашкан эмес, бирок акыркы 2 айдын ичинде ай сайын 1 млрд 128 млн сом өндүрүш жүгүртүлүп, рекорд коюлган. Азыр 7 завод капиталдык курулуштан өтүп иштеп, дагы 11 завод курулуп бүтүп, жакын арада ишке киргизилет.