Кыргызстанда чет элдик түз инвестициялар 22%га өстү

Кыргызстанда чет элдик түз инвестициялар 22%га өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн аппараттык кеңешмесинде экономикадагы өсүштү сактап гана тим болбостон, аны күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

МинКаб башчысы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 722 млрд 901 млн сомду түзгөнүн, план 103,4%га аткарылганын белгиледи.  Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 211 млрд 971,9 млн сомду түзүп, план 104,5%га аткарылган. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 102 млрд 146,4 млн сом салыктык кирешелери чогултулуп, план 102,4%га аткарылган.

Касымалиев белгилегендей, дүйнөдө түз чет элдик инвестициялар 11%га кыскарганы менен, Кыргызстанда тескерисинче 22%га өсүп, 1 млрд доллардан ашкан. Инвестициялардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарына туура келет.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 562,7 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,7%га көп болгон. Жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча инвестициялардын негизги үлүшү Бишкек шаарына — 42,7%, Жалал-Абад — 14,2%, Талас —14,0% жана Чүй — 12,8% облустарына инвестиция үлүштөрү туура келген.

Өкмөт башчы аймактарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестицияны диверсификациялоо жана экономикадагы тең салмакты сактоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Анын маалыматына караганда, чакан жана орто ишкердиктин ИДПдагы үлүшү 47,3%га жетип, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу кыйла өскөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботтордун дүйнөлүк рыногунда үстөмдүк кылып, орнотулган роботтордун 80%дан ашыгы ушул өлкөгө туура келерин South China Morning Post билдирет. Маалыматка ылайык, AgiBot жана Unitree компаниялары Кытайга 2026-жылы дүйнөлүк рыноктун чоң бөлүгүн ээлөөгө жардам берет, ал эми 2027-жылга карата рыноктун көлөмү алты эсе өсөт. Counterpoint компаниясынын маалыматына ылайык,

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК (Мунай экспорттоочу өлкөлөр тарабынан мунай өндүрүү квоталарын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм) фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди.   "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)" программасын каржылоого тиешелүү бул документке

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке