Салыктык келишим боюнча сүйлөшүүлөр болот

Салыктык келишим боюнча сүйлөшүүлөр болот

6–9-октябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Япониянын делегацияларынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун талкууланышы күтүлүп жатат. Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.

Сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Белгилей кетсек, кош салык салуудан качуу боюнча эл аралык келишимдер улуттук экономикага чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун эффективдүү механизмдеринин бири катары каралат.

Келишимдин негизги милдеттери – бир мамлекеттин резидентин экинчи келишүүчү мамлекетте дискриминациялык салык салуудан коргоо, салыктан качуу же Келишимдин жоболорунан кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, келишүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлерге жеңилдетилген насыялар 500 миңден 5 млн сомго чейин берилет

Ишкерлерге жеңилдетилген насыялар 500 миңден 5 млн сомго чейин берилет

Ишкердикти өнүктүрүү фонду мал чарбачылыгын колдоо максатында насыя берүү чегин көбөйттү. Эми мал сатып алуу үчүн насыянын максималдуу суммасы 2 млн сомдон 3 млн сомго чейин жетет. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Асыл тукум мал сатып алуу үчүн ишкерлер 5 млн сомго чейин насыя ала алышат. Жылдык пайыздык чен — 16%

Фискалдык программа киргизилгенден кийин кафе-ресторандардын кирешеси 744%га өстү

Фискалдык программа киргизилгенден кийин кафе-ресторандардын кирешеси 744%га өстү

Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу жайларына фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүп жатат. Азырынча долбоорго 546 ишкана катышууда, аларда жалпы 880 программа орнотулган. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. Жаңы система киргизилгенден кийин көпчүлүк кафе жана ресторандардын күнүмдүк түшүүлөрү бир нече эсеге өскөнү байкалган. Мисалы, бир кафенин орточо

«Манас» кинотеатрында көрүүгө акысыз кинолор сунушталууда

«Манас» кинотеатрында көрүүгө акысыз кинолор сунушталууда

Кече 29-октябрда, Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында “Россия киносунун фестивали Кыргызстан 2025” старт алды. Фестивалдын ачылыш аземине РФнын маданият министри Ольга Любимова, КРнын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, кинорежиссёр Никита Высоцкий, ишчаранын уюштуруучулары жана 500 ашуун кино сүйүүчүлөр катышышты. Фестиваль Россия Федерациясынын маданият күндөрүнүн алкагында РФнын Маданият министрлигинин

Ош шаарынын жаңы генералдык планы даярдалып жатат

Ош шаарынын жаңы генералдык планы даярдалып жатат

Ош шаарынын жалпы 35,5 гектардан ашык территорияны ээлеген жаңы генералдык планы иштелип чыгып жатканын жана ал 15 жылдан көп мөөнөткө эсептелгенин жергиликтүү шаардык кеңештен билдиришти.  Аталган муниципалиеттин билдиришинче, документти даярдоо үчүн курамына шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын, шаар куруу башкармалыгынын жана архитектуранын адистери кирген атайын комиссия түзүлгөн.  Комиссия эки отурумун