Европа болот импортуна 50 пайыз бажы салыгын киргизет

Европа болот импортуна 50 пайыз бажы салыгын киргизет

Евробиримдик өзүнүн болот эритүү тармагын узак мөөнөттүү коргоо үчүн дүйнө жүзүнөн импорттолгон болотко 50% бажы салыгын киргизүүнү көздөп жатканын  Financial Times басылмасы жазып чыкты. Брюссель өкүлдөрүнүн биринин айтымында, Европанын болот өндүрүүнү сактоонун мындан башка жолу жок. Антпесе ЕБ “болот эритүү өнөр жайынан кур жалак калышы” толук ыктымал. 

Учурда Евробиримдикте 2018-жылы киргизилген 25% пошлина бар жана анын мөөнөтү 2026-жылы жайында бүтөт. FTнин маалыматы боюнча пошлинасыз квоталарды жогорулатуудан улам бул чаранын натыйжасы жакшы болгон эмес. 

Мындан сырткары Евробиримдик болоттун жылдык импортун 18 млн тоннага чейин азайтууну пландаганы айтылат. UK Steel ассоциациясынын башкы директору Гарет Стейс ЕБдин мындай планы Лондонду тынчсыздандырарын айтат. Себеби Англия өндүргөн болотунун 80 пайызын Европага экспорттоп келген.  

Мындан тышкары окуңуз

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботтордун дүйнөлүк рыногунда үстөмдүк кылып, орнотулган роботтордун 80%дан ашыгы ушул өлкөгө туура келерин South China Morning Post билдирет. Маалыматка ылайык, AgiBot жана Unitree компаниялары Кытайга 2026-жылы дүйнөлүк рыноктун чоң бөлүгүн ээлөөгө жардам берет, ал эми 2027-жылга карата рыноктун көлөмү алты эсе өсөт. Counterpoint компаниясынын маалыматына ылайык,

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК (Мунай экспорттоочу өлкөлөр тарабынан мунай өндүрүү квоталарын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм) фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди.   "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)" программасын каржылоого тиешелүү бул документке

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке