Контрафакттык продукциялар көзөмөлдө

Контрафакттык продукциялар көзөмөлдө

Минсктеги “Антиконтрафакт-2025” эл аралык форумунун пленардык жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана финансылык саясат боюнча министри Бахыт Султанов 2024-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө 6,6 млн даана контрафакттык продукциянын айланышына бөгөт коюлганын маалымдады. Бул көрсөткүч 2023-жылга салшытырмалуу 15 пайызга көп болгон. 

Анын эсеби боюнча 2020-жылдан 2024-жылга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары да 53 млн. даана  контрафакт бөгөттөлгөн. Мунун менен бирге эле Б.Султанов контрафакттык продукциялардын таралышын ооздуктоодо жасалма интеллекттин ролу өсүп бара жатканын баса белгилейт.   

Мындан тышкары окуңуз

Аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту быйыл 80%га өстү

Аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту быйыл 80%га өстү

Быйыл январь-август айларында Кыргызстандан аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту дээрлик 80%га көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети маалымдайт. Маалыматка ылайык, 8 айда жалпы 1,3 миллион даана кийим 8 миллион долларга сатылган. Өткөн жылы ошол эле мезгилде экспорттун көлөмү 727,8 миң даана, наркы 4 миллион долларды түзгөн. Экспорттун негизги көлөмү Россияга

Бишкектеги ири соода борборлорунан мыйзамсыз  уюлдук телефондор табылды

Бишкектеги ири соода борборлорунан мыйзамсыз уюлдук телефондор табылды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери борбордогу Айчүрөк соода борборунун 12 соода түйүнүнөн, Чынар соода борборунан, Victory бизнес-борборунан, ошондой эле Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү кампадан чет өлкөдөн мыйзамсыз алып келинген уюлдук телефондорду табышканын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.  Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери “Манас” бажысынын оперативдүү бөлүмү менен биргеликте контролдук сатып

Мобилдик банкинг аркылуу сом менен акча которуу убактылуу комиссиясыз жүргүзүлөт

Мобилдик банкинг аркылуу сом менен акча которуу убактылуу комиссиясыз жүргүзүлөт

Улуттук банк коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына улуттук валютада акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салды. Бул тууралуу банктын токтомунда маалымдалат. Ага ылайык, 2025-жылдын ноябрынан баштап 31-декабрга чейин мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн сом менен жеке кардарлардын акча которуулары үчүн комиссия алынбайт. Банк билдиргендей, бул чаралар калктын бардык катмары

Бишкектин айрым райондорунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең, 30-октябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында, оңдоо иштерине байланыштуу ысык суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Төмөнкү даректерде ысык суу берилбейт: * И. Ахунбаев көчөсү: 128, 130, 130A, 132, 132A, 134; * Политехническая көчөсү: 4, 10, 15-сектор; * Таш-Көмүр көчөсү: 6, 8; * Ч. Айтматов