Контрафакттык продукциялар көзөмөлдө
Минсктеги “Антиконтрафакт-2025” эл аралык форумунун пленардык жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана финансылык саясат боюнча министри Бахыт Султанов 2024-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө 6,6 млн даана контрафакттык продукциянын айланышына бөгөт коюлганын маалымдады. Бул көрсөткүч 2023-жылга салшытырмалуу 15 пайызга көп болгон.
Анын эсеби боюнча 2020-жылдан 2024-жылга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары да 53 млн. даана контрафакт бөгөттөлгөн. Мунун менен бирге эле Б.Султанов контрафакттык продукциялардын таралышын ооздуктоодо жасалма интеллекттин ролу өсүп бара жатканын баса белгилейт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу