Жалал-Абадда 1 977 үй-бүлө ипотекалык батирлүү болду

Жалал-Абадда 1 977 үй-бүлө ипотекалык батирлүү болду

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жана Сузак районунда мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулган үч турак жай комплексинин батирлеринин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармасынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, "Асман Резиденс 7", "Асман Резиденс 8" жана "Асман Резиденс 14" комплекстериндеги жалпы 1 977 батир ээлерине тапшырылды.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Талант Жекшенов жана башка расмий өкүлдөр катышты.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча 80 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат.

Мамлекеттик турак жай программасы жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Жыл башынан бери абаны булгаган унааларга 8,1 млн сом айып салынды

Аламүдүн районунда түтүн чыгарган унааларга айып салынды

Баткен шаарында жолдор төрт тилкеге кеңейтилүүдө

Жалал-Абад облусу боюнча 16 объект пайдаланууга берилди