Аламүдүн районунда түтүн чыгарган унааларга айып салынды
Бүгүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Баш-Кара-Суу айылында рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, иш-чаранын негизги максаты - атмосфералык абанын булганышын жана смогду азайтуу. Анын алкагында автотранспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн деңгээли атайын жабдуулар менен текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык, 3 протокол түзүлдү.
Ар бир укук бузуу үчүн 7 500 сомдон айып пул салынып, жалпы суммасы 22 500 сомду түздү.



Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу