Д.Өмүрзаков стадионунун кичи аренасы ачылат
Вице-мэри Азамат Кадыров бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 060 көрүүчүлөр орундуу кичи аренасы 10-ноябрда ачыларын маалымдады.
Анын билдиришинче, бул арена эл аралык стандартка жооп бергендиктен эми бул жерде спорттун ар кандай спорт түрлөрү боюнча эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө болот. Эске салсак, бул арена мурда 3 миң көрүүчүгө гана ылайыкталган болчу.
Арена ичинде пресс-борбор, 2 чоң, 2 кичине чечинип, кийине турган жай, VIP-ложа жана жер алдындагы 80 автоунаа токтой турган жай каралган.
Келечекте анын жанына 300 автоунаага эсептелген көп ярустуу унаа токтотуучу жайды куруу, аренаны дагы 200 көрүүчү орундукка кеңейтүү пландалган.