Казынадан 66 миллиондон ашык сом кыйгап өткөн

Казынадан 66 миллиондон ашык сом кыйгап өткөн

Эсептөө палатасы КРнын айрым акционердик коомдору “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин талаптарын бузгандыгын аныктады. Аталган мыйзамга ылайык компаниялар жыл жыйынтыгы боюнча калган таза кирешенин 25 %дан аз эмес бөлүгүн дивиденддерди төлөөгө багыттоого милдеттүү. 

“2023-жылга карата бухгалтердик жана отчеттук документтердин негизинде бир катар мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор финансылык оң натыйжаларды көрсөтүшкөн. Бирок, кирешенин бекитилген бөлүгүн дивиденд катары мамлекеттик акциялар пакетине бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынбагандыктан көрсөтүлгөн сумма бюджетке которулган эмес”,-делет маалыматта. 

Ошондо дивиденддерден алынбай калган кирешелердин жалпы суммасы 66 млн 768,8 миң сомду түзгөн. 

Мындан тышкары окуңуз

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК (Мунай экспорттоочу өлкөлөр тарабынан мунай өндүрүү квоталарын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм) фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди.   "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)" программасын каржылоого тиешелүү бул документке

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңге чет элдик алып сатарлардын кыска мөөнөттүү инвестицияларынан улам коркунучка кабылды. Бирок жакын арада бул тенденция өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирет Reuters. Казакстандыктардын кирешелеринин төмөндөшү кескин мүнөзгө ээ болду. Экономикалык журналист Жон Синдру өткөн жылы кыска мөөнөттүү пайда көздөгөн инвесторлор өнүгүп келе жаткан жана чек ара экономикасына ээ өлкөлөрдүн баалуу