Мамлекет төө буурчакты сатып ала баштады

Мамлекет төө буурчакты сатып ала баштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги таластык дыйкандардын төө буурчактарын сатып ала баштады.  

 “Бул дыйкандарды колдоо, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана өлкөдөгү азык-түлүк бааларын туруктуу кармоо максатында жүргүзүлүп жатат” делет ведомствонун “Кабарга” берген маалыматында.  

Буга улай министрлик эгер картошканын баасы төмөндөп кете турган болсо, аны да жергиликтүү дыйкан-фермерлерден ыңгайлуу баада сатып алуу иш-чараларын жүргүзө тургандыгын билдирген. 

Мындан тышкары окуңуз

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК (Мунай экспорттоочу өлкөлөр тарабынан мунай өндүрүү квоталарын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм) фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди.   "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)" программасын каржылоого тиешелүү бул документке

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңге чет элдик алып сатарлардын кыска мөөнөттүү инвестицияларынан улам коркунучка кабылды. Бирок жакын арада бул тенденция өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирет Reuters. Казакстандыктардын кирешелеринин төмөндөшү кескин мүнөзгө ээ болду. Экономикалык журналист Жон Синдру өткөн жылы кыска мөөнөттүү пайда көздөгөн инвесторлор өнүгүп келе жаткан жана чек ара экономикасына ээ өлкөлөрдүн баалуу