Акбагышева: "Аялдардын катышуусу жок экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес"

Акбагышева: "Аялдардын катышуусу жок экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес"

Бүгүн, Бишкекте өтүп жаткан “Экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн өнөктөштүк: Россия жана Кыргызстандын аялдарынын форум-диалогу” алкагында өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү жана аялдардын ага кошуп жаткан салымы тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды. 

Кыргызстандагы “Росатом” Мамлекеттик корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов өз сөзүндө өлкөнүн экономикасындагы акыркы оң өзгөрүүлөргө жана аялдардын ага кошуп жаткан салымына токтолду.

Анын айтымында, акыркы мезгилде Кыргызстандын экономикасы тездик менен өсүп, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Евразия өнүктүрүү банкынын ушул жылдагы (январь–сентябрь) маалыматына ылайык, Кыргызстандын экономикасы 10%га өскөн.

Ал өз сөзүндө, Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшү көпчүлүктүн көңүлүн бурганын жана бул өсүштүн артында аялдардын активдүү катышуусу да чоң роль ойногонун баса белгиледи:

“Аялдар конгресси өлкөдө аялдардын саясий жана экономикалык активдүүлүгүн арттырууда маанилүү аянтчага айланды”, - деди Дмитрий Константинов.

Өз кезегинде Кыргызстандын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева дааялдардын экономикадагы орду жана алардын жогорку технологиялар тармагындагы катышуусу тууралуу ой бөлүштү.

“Чынында эле, аялдардын катышуусу жок экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес. Жогоруда айтылган 10%дык өсүштүн ичинде аялдардын эмгеги чоң. Совет мезгилинде аялдардын илимий изилдөөлөргө, инженердик жана инновациялык тармактарга катышуусу өтө жогору болгон. Бүгүн да бул салт уланып келет. Азыр бизде 2030-жылга чейин пландалган гендердик теңдик боюнча улуттук программа, ошондой эле 2026-жылга чейинки Аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча улуттук программаларыбыз бар. Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан бардык гендердик саясаттар экономика, билим берүү, маданият жана коомдук турмуштун бардык тармактарына терең сиңген”, - деди Замира Акбагышева.

Ошондой эле ал санариптик өнүгүүнүн маанисин, аялдардын инновациялык жана технологиялык тармактардагы активдүүлүгүн, илим жана изилдөө жаатындагы аялдардын ролун жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

Форумдун негизги максаты – Россия менен Кыргызстандын аялдарынын ортосундагы экономикалык жана социалдык кызматташтыкты кеңейтүү, аялдардын инновациялык, илимий жана бизнес тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу болуп саналат.

Иш-чара эки өлкөнүн аялдары үчүн жаңы өнөктөштүк багыттарын аныктоого, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө алардын ордун күчөтүүгө жана гендердик теңчилик саясатын иш жүзүндө колдоого багытталган маанилүү диалогдук аянтча катары бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстан былтыр дрондук чабуулдардан 480 миң тонна мунай жоготкон

Казакстан былтыр дрондук чабуулдардан 480 миң тонна мунай жоготкон

Казакстандын Энергетика министрлиги Кара деңизде казак мунайын ташыган эки кеме кабылган чабуул тууралуу билдирди. Министрликтин билдиришинче, "КазМунайГаз" жалдаган Мальтанын желеги астында сүзгөн "Матильда" танкери учкучсуз учактын соккусуна туш болгон. Жарылуудан кийин өрт тутанбай, экипаж мүчөлөрү арасында жабыркагандар болгон эмес. Ал эми Либериянын желеги менен сүзгөн Delta

АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды берүү арыздарын кароону токтотту

АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды берүү арыздарын кароону токтотту

АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга арыздарды кароону убактылуу токтотконун Fox News телеканалы ведомствонун кызматтык кат-кагазына таянып билдирди. Документке ылайык, консулдук кызматкерлерге карата текшерүү жана талапкерлерди тандоо жол-жоболору кайра каралып бүткөнгө чейин, колдонулуп жаткан мыйзамдардын алкагында визаларды берүүдөн баш тартуу тапшырмасы берилген. Fox News билдиргендей, бул чечим

Кытай соода балансынын профицити 2025-жылы 1,2 трлн долларга жетти

Кытай соода балансынын профицити 2025-жылы 1,2 трлн долларга жетти

2025-жылы Кытай соода балансынын профицити боюнча рекорд койду. Экспорт менен импорттун ортосундагы айырма 1,2 триллион долларды түзүп, бул дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң көрсөткүч болду. Кытайдын Бажы башкармалыгынын маалыматына ылайык, декабрь айында товарлардын экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6%га өстү. Бул көрсөткүч аналитиктер күткөн деңгээлден жана ноябрь

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы түндө башталчу дүң эт сатуу бүгүнтөн тарта жаңы “Алтын-Така” базарындагы “Чүйгүн” эт павильонуна көчүрүлгөнү тууралуу маалымат соцтармактарга чыкты. Бул кадам Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык эл аралык стандарттарды кармануу максатында жасалган. Мамлекет эми Бишкекке тарачу эттин баасын жана сапатын тыкыр көзөлгө алат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,