Кытай соода балансынын профицити 2025-жылы 1,2 трлн долларга жетти

Кытай соода балансынын профицити 2025-жылы 1,2 трлн долларга жетти

2025-жылы Кытай соода балансынын профицити боюнча рекорд койду. Экспорт менен импорттун ортосундагы айырма 1,2 триллион долларды түзүп, бул дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң көрсөткүч болду.

Кытайдын Бажы башкармалыгынын маалыматына ылайык, декабрь айында товарлардын экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6%га өстү. Бул көрсөткүч аналитиктер күткөн деңгээлден жана ноябрь айындагы өсүштөн да жогору болду. Ошол эле учурда импорт да 5,7%га көбөйүп, ички суроо-талаптын жанданып жатканын көрсөттү.

Адистердин айтымында, 2025-жылы Кытайдын соода профицити 2024-жылга салыштырмалуу 20%га көп болду. Бул өсүш негизинен экспорттун АКШ рыногунан Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын өнүгүп жаткан өлкөлөрүнө багытталышынын эсебинен камсыздалды.

Өсүшкө жогорку технологиялуу товарлар чоң салым кошкон. Электромобилдердин, литий батареяларынын жана күн панелдеринин экспорту 27%га, ал эми өнөр жай жабдуулары менен роботтордун экспорту 13%га өскөн.

Бирок соода профицитинин мындай чоң көлөмү Кытай менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы соода жаңжалдарын күчөтүүдө. Көптөгөн соода өнөктөштөрү Кытайды адилетсиз атаандаштыкта жана ашыкча өндүрүштө айыпташууда. Аналитиктердин пикиринде, 2026-жылы башка өлкөлөр өз рынокторун активдүү коргой баштагандыктан, Кытайга мындай жогорку экспорттук өсүштү сактап калуу кыйын болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды