Тышкы иштер министрлиги Евробиримдикке көз карандысыз, эл аралык аудит жүргүзүүнү сунуштады

Тышкы иштер министрлиги Евробиримдикке көз карандысыз, эл аралык аудит жүргүзүүнү сунуштады

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы мамлекет Кыргызстандын юридикалык жактарына киргизилип жаткан санцияларга байланыштуу Европа биримдигин көз карандысыз, эл аралык деңгээлде таанылган аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө чакырганын маалымдады. 

Бул үчүн кыргыз тарап мезгил-мезгили менен маалымат алмашып, транзакцияларга мониторинг жүргүзүп жана биргелешкен тобокелчиликтерди баалоону жүргүзө турган бирдиктүү Кыргызстан-Евробиримдик техникалык жумушчу тобун түзүүнү сунуштап жатат. 

ТИМдин маалыматында, Кыргызстан тобокелчиликтерди биргелешип жоюуга багытталган эл аралык милдеттемелерди сактап, Евробиримдиктеги өнөктөштөр менен ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзүп жатканы айтылат. 

Белгилей кетсек, Евробиримдик буга чейин Кыргызстандын 2 банкын санкциялык тизмеге киргизген. Дагы башка санкциялык тизмеге Кыргызстандын “Олд Вектор” жана “Гринекс” компаниялары кирип калган.  
Ага чейин Англия 100% акциясы Финансы министрлигине таандык “Капитал Банкына” санкция киргизсе, 2025-жылы АКШ Финансы министрлиги “Керемет Банкка” санкция киргизген. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу