Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 4 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрына карата республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жалпы 4 081,22 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Аны 6 487 субъект колдонгон. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Тармактар боюнча бөлүштүрүү мындай:
Мал чарбачылык: 3 381,37 млн сом, 5 443 субъект
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк: 441,02 млн сом, 898 субъект
Сууну үнөмдөөчү технологиялар: 17 млн сом, 24 субъект
Лизинг: 241,56 млн сом, 122 субъект
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттер айыл чарба өндүрүшүн колдоого жана технологиялык модернизацияга багытталууда.
