Өкмөт: Кыргызстанда электрондук коммерция рыногу 525 млн долларга жетти

Өкмөт: Кыргызстанда электрондук коммерция рыногу 525 млн долларга жетти

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «E-commerce EXPO Central Asia 2025» форумунда электрондук коммерциянын экономикалык маанилүүлүгүн баса белгилеп, онлайн сооданын өлкөнүн инвестициялык жана экономикалык өсүшүнө чоң салым кошо турганын айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Касымалиевдин айтымында, 2025-жылы электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү болжол менен 525 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 15%га өстү. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында онлайн сатып алуулар 1 млнго жакын транзакцияны түзүп, суммасы 1,7 млрд сомго жетти, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56%га көп.

МинКаб жетекчиси электрондук коммерция паркы түзүлүп жатканын, ал ишкерлерди колдоо, санариптик инфраструктура жана логистиканы өнүктүрүү үчүн аянтча болоорун белгиледи. Онлайн сооданы жеңилдетүү максатында атайын салык режими киргизилип, катышуучулар КНСтен, киреше жана сатуу салыктарынан бошотулган.

Форумда трансчек аралык сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, өлкөдө электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык кадамдар талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу