БА өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жыйын болду
 
    Тажикстандын Дүшанбе шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук комитеттеринин кезектеги — 14-аймактык жыйыны болуп өттү. Ага Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн экономика, транспорт, бажы, азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Катышуучулар региондогу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү демилгелерин илгерилетүү боюнча кызматташтыкты чыңдоонун жолдорун талкуулашты. КРнын делегациясы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды, учурдагы демилгелердин натыйжалуулугун талкуулап, бизнестин реформаларга катышуусунун ийгиликтүү мисалдары менен бөлүштү.
Бул талкуулардын максаты — соода процесстерин эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана гармониялаштыруу боюнча практикалык кадамдарды иштеп чыгуу болуп саналат.
 
             
             
             
            