Энергетика министрлиги 9 айдын жыйынтыгы менен бөлүштү

Энергетика министрлиги 9 айдын жыйынтыгы менен бөлүштү

Бүгүн Энергетика министрлигинде энергетикалык компаниялардын 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегия болгонун министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин билдиришинче, Кыргызстанда жыл башынан бери 11,3 млрд киловатт-саат электр энергиясы иштелип чыкан жана керектөө 13,8 млрд киловатт-саатты түзгөн. 2.7 млрд киловатт-саат тартыштык импорт менен жабылган.
Токтогул ГЭСинде 3-гидроагрегатты оңдоо аяктап, ал станциянын кубаттуулугун 60 мегаваттка жогорулатат. Ошондой эле модернизациялоо Үч-Коргон ГЭСинде өтүп кубаттуулук 9 мегаваттка жогорулаган.  Камбар-Ата-1 ГЭСи Дүйнөлүк банктын жардамы менен 1,5 млрд долларга курулуп жатат. 

Ошондой эле 41 мегаватт кубаттуулуктагы 5 чакан ГЭС ишке кирип, жыл аягына чейин дагы төртөө ачылат. Ошондой эле жалпы кубаттуулугу  3 миң 150 мегаватт болгон 5 күн жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимдерге кол коюлган. 

Ушул отчеттук мезгилде “Кыргызкөмүр” 655 миң тонна көмүр өндүрүп, газдаштыруу 7,5 миң үй чарбасын камтыган. Жаңы подстанциялар киргизилип, 430 миң “акылдуу” эсептегичтер орнотулган. 

Мындан тышкары окуңуз

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Кыргызстанда айрым салык төлөөчүлөргө салык карыздарын, туум жана санкцияларды эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзам кабыл алынды. Бирок жеңилдиктер автоматтык түрдө колдонулбайт, мыйзамда белгиленген шарттарды аткаруу талап кылынат. Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мал экспорттоочулардын 2026-жылдын 1-январына чейинки салык карызынын 97%ы, ошондой эле туум жана санкциялардын

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автоташуулар боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу боюнча Өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Баткенде күз-кышка даярдык: калкка 101 миң тонна көмүр талап кылынат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов күз-кышка даярдык көрүү боюнча буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы жана иш-чаралар планы бекитилди. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында калкты көмүр менен камсыз кылуу, түйүндөрдү ачуу, баасын туруктуу кармоо, ошондой эле электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Таласта 11,9 млн сомдук долбоордун алкагында жабык дренаж курулууда

Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө жалпы узундугу 1377 метр болгон жабык дренаж системасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы сметалык баасы 11 млн 899 миң 720 сомду түзөт. Учурда 600 метр аралыкта казуу иштери жүргүзүлүп, бардык иш-аракеттер белгиленген тартип боюнча уланууда.