Статком экономиканын реалдуу секторунун рейтингин түздү
Улуттук статистика комитети маалымдагандай, 2024-жылдын маалыматы боюнча экономиканын реалдуу секторундагы 32 759 ишкананын көрсөткүчтөрү эске алынып, рейтинг түзүлдү.
Рейтинг төмөнкү беш негизги көрсөткүч боюнча жүргүзүлдү:
- Кызматкерлердин саны;
- Продукциялардан, товарлардан, жумуштардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча (жүгүртүү);
- Продукциялардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн дүн киреше жана башка операциялык кирешелер (түшкөн акча + башка операциялык киреше – сатылган товарлардын наркы);
- Операциялык ишмердиктен түшкөн пайда жана чыгым;
- Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайдадан чыгаша кемитилет).
Толук рейтингди «TOP-200_2024.xls» файлынан жүктөп алса болот.