"Кыргызстан аэропорттору" жетинчи эмиссияны бекитти

"Кыргызстан аэропорттору" жетинчи эмиссияны бекитти

"Кыргызстан аэропорттору" ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны болду. Анда жетинчи эмиссиянын кошумча эмиссиясынын эсебинен жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынганын ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Акционерлер 27 065 652 даана жөнөкөй акцияны номиналдык наркы 424 сомдон кошумча чыгаруу менен жалпы суммасы 11,48 млрд сомго көбөйтүүнү бекитти. Акциялар акционерлерге алардын үлүшүнө пропорционалдуу түрдө жабык жазылуу аркылуу жайгаштырылат жана төлөм акча каражаты же мүлк менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Соттук-эксперттик тармак үчүн кадр даярдоо маселеси талкууланды

Соттук-эксперттик тармак үчүн кадр даярдоо маселеси талкууланды

Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертиза кафедраларынын башчылары жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда билим берүү системасы менен практикалык эксперттик ишмердүүлүктүн ортосундагы байланышты бекемдөө маселеси талкууланды. Айрыкча жаш адистердин жетишсиздиги көйгөйү көтөрүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн эксперттик тармакта иштөөгө кызыгуусу төмөн экендиги белгиленди. Мунун негизги себептеринин

ЖККУ алкагында коопсуздук маселелери талкууланды

ЖККУ алкагында коопсуздук маселелери талкууланды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 15-апрелде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана 2026-жылга пландалган иш-чаралар каралды. Тараптар аймактык коопсуздук маселелери боюнча

ИИМ: Айдарбековго байланыштуу жаңы фактылар ачыкка чыкты

ИИМ: Айдарбековго байланыштуу жаңы фактылар ачыкка чыкты

Мурдагы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында кошумча мыйзамсыз аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, анын ичинде бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталганы айтылган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп,

Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери кармалышты

Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери кармалышты

Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун "Биримдик" бөлүмүнүн 3 кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, аталган кызматтын кызматкерлери унааларды мыйзамсыз каттаган деп шектелүүдө. Эске салсак, кылмышка шектүүлөр Орусия каттоосунан чыгарылбаган автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз