Кафелердеги ККМ чектерде тейлөө акысы эмнеге ар башкача көрсөтүлөт?

Кафелердеги ККМ чектерде тейлөө акысы эмнеге ар башкача көрсөтүлөт?

Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу жайларында контролдук-кассалык чекте (ККМ) тейлөө акысынын көрсөтүлүшүндөгү айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, тейлөө акысын көрсөтүүнүн эки мыйзамдуу ыкмасы бар:

  • ал өзүнчө сапта “тейлөө акысы” катары көрсөтүлөт;
  • же болбосо товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы баасына кошулуп көрсөтүлөт.
Эки ыкма тең туура болуп эсептелет жана салык төлөөчүнүн эсеп саясатына жараша тандалат. Негизгиси — бардык маалыматтар фискалдык чекте так көрсөтүлүшү зарыл.

Ошондой эле Салык кызматы коомдук тамактануу жайларында фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырып жатканын маалымдады.

Долбоор эсептөөлөрдүн ачык-айкындыгын жогорулатууга жана накталай же накталай эмес төлөмдөрдү санарип форматта жүргүзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-аш өндүрүшү — 17,55

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.