Кепилдик фонду менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердикти колдоо боюнча макулдашты

Кепилдик фонду менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердикти колдоо боюнча макулдашты

«Кепилдик фонд» ААК менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду КРда ишкердикти колдоого багытталган кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.

Бул документ ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында тараптардын өз ара аракеттенүүсүн, айрыкча, жетишсиз күрөөгө ээ болгон ишкерлерге кепилдик берүү аркылуу насыя алууга шарт түзүүгө багытталат. Макулдашууга «Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын төрагасы Улан Сарбанов кол коюшту.

Кол коюу аземинде тараптар бул кызматташуу эки финансылык институт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөдө ишкердикти колдоодо, айрыкча экспортко жана импортту алмаштырууга багытталган ишкерлерди өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганына ишеним билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Соттук-эксперттик тармак үчүн кадр даярдоо маселеси талкууланды

Соттук-эксперттик тармак үчүн кадр даярдоо маселеси талкууланды

Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертиза кафедраларынын башчылары жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда билим берүү системасы менен практикалык эксперттик ишмердүүлүктүн ортосундагы байланышты бекемдөө маселеси талкууланды. Айрыкча жаш адистердин жетишсиздиги көйгөйү көтөрүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн эксперттик тармакта иштөөгө кызыгуусу төмөн экендиги белгиленди. Мунун негизги себептеринин

ЖККУ алкагында коопсуздук маселелери талкууланды

ЖККУ алкагында коопсуздук маселелери талкууланды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 15-апрелде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана 2026-жылга пландалган иш-чаралар каралды. Тараптар аймактык коопсуздук маселелери боюнча

ИИМ: Айдарбековго байланыштуу жаңы фактылар ачыкка чыкты

ИИМ: Айдарбековго байланыштуу жаңы фактылар ачыкка чыкты

Мурдагы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында кошумча мыйзамсыз аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, анын ичинде бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталганы айтылган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп,

Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери кармалышты

Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери кармалышты

Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун "Биримдик" бөлүмүнүн 3 кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, аталган кызматтын кызматкерлери унааларды мыйзамсыз каттаган деп шектелүүдө. Эске салсак, кылмышка шектүүлөр Орусия каттоосунан чыгарылбаган автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз