Кытай Россиянин мунай импортунун жарымынан баш тартууга аргасыз болду

Кытай Россиянин мунай импортунун жарымынан баш тартууга аргасыз болду

АКШнын санкцияларынан улам Кытай Россия мунайынын импортунун жарымынан баш тартканын Bloomberg маалымдады.  Россия нефтисин сатып алуудан баш тарткандардын ичинде Sinopec и PetroChina Co. сыяктуу мунайды кайра иштетүүчү ири мамлекеттик компаниялар жана “чайнек” аталышы менен белгилүү жеке ишканалар бар. 

 Shandong Yulong Petrochemical Co. компаниясы Англия менен Евробиримдиктин кара тизмесине киргенден кийин жаңы чектөөлөрдөн кооптонгон бир топ мекемелер Россия мунай жеткирүүчүлөрү менен кызматташууну токтотушкан. Трейдерлердин айтымында, бул ESPO (ВСТО) маркасына таасир этип, анын баасы кыйла төмөндөгөн.
Норвегиялык Rystad Energy AS консалтигдик компаниянын баалоосу боюнча Кытай компанияларынын россиялык мунайдан баш тартуулары жана баалардын төмөндөшү Кытай менен Россиянын отун импортунун жалпы көлөмүнүн 45%ына таасир этет. Ошол эле кезде кытайлык Yulong компаниясы россиялык гана мунайды сатып ала алат, себеи батыш жеткирүүчүлөрү менен иштөөгө мүмкүн эмес. 

Буга чейин Түркия мунай кайра иштетүүчү заводдору батыш өлкөлөрү россиялык мунай секторуна каршы санкция киргизгенден тарта Россиянын атаандаштарынан мунай сатып ала баштаганы маалым болгон. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-аш өндүрүшү — 17,55

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.