М.Машиев: Экология жана тоо-кен тармагы ИДПга 9,5%, инвестицияга 41% кошуп жатат

М.Машиев: Экология жана тоо-кен тармагы ИДПга 9,5%, инвестицияга 41% кошуп жатат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бириккен Араб Эмираттарынын ири англис тилдүү Gulf News гезитине маек берип, министрликтин ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана тоо-кен тармагынын өнүгүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маектин негизги багыттары — мамлекеттик башкаруудагы реформалар, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу болду. Министр белгилегендей, министрлик мамлекеттик башкарууну санариптештирүү, экологиялык жана техникалык көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле экологиялык төлөмдөр системасын реформалоо боюнча иш алып барууда.

М.Машиев ошондой эле жер казынасын пайдалануу тармагындагы абалды жакшыртуу жана жергиликтүү калк менен кен иштетүүчүлөрдүн ортосунда ачык диалог түзүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Тоо-кен өнөр жайы Кыргызстандын улуттук экономикасында маанилүү роль ойнойт: ички дүң продукцияда үлүшү — 9,5%, инвестициялардын үлүшү — 41,2%. Кыргызстанда алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк жана башка пайдубалдуу кендер бай таризде бар.

Ошондой эле министр Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча KOICA — Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан долбоор тууралуу маалымат берди. Бул демилге жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу